Премьер-министр Сапар Исаковго кыргыз эли абдан ишеним арткан. Азыр да ишеним артып турат жарым-жартылай. Ишеничтен кеткен биринчи себеби, он бир кеңешчи дайындап алып иш алып барып жатканы. Эми ошол он бир кеңешчинин пайдасы канчалык деңгээлде мамлекетке тийип жатат? Алардын айлык-акы, телефон сүйлөшүү акылары жана башка сыяктуу мамлекет тарабынан каржыланган чыгымдарынын эсеп-кысабын элге ачык жарыялап коюшса болот эле. Болбосо, көчөдө болобу же коомдук транспорттобу, той-ашта, өлүм-житимде премьер министрдин кеңешчилери тууралуу нааразы пикирлер тынбай айтылып келүүдө. Ошол себептүү кеңешчилери менен кеңешип туруп, алардын канчасы мамлекеттик казынадан каржыланып, канчасы бекер иштеп жатканын билдирип койсо ашыкча болбос.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ