Бүгүн, 30-июлда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде коронавирус пандемиясынын курмандыгы болгон кыргыз жарандарын эскерүү иш-чарасы болуп өттү.
Аза күтүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку соттун башкы судьясы Гүлбара Калиева, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Максат Токтомушев катышты. Маркумдарга багышталып Куран окулду.
Жалпысынан, өлкөдө 1300дөн ашуун адам коронавирус жана пневмониядан көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ