Menu

Элди эзген аткаминерлер жоопко тартылабы? – Президент Жээнбековго Кайрылуу

Бөлүшүү:

Биз “Макмалалтын” комбинатынын жумушчуларыз айлабыз кетип, болуп жаткан терс иштерге көзүбүздү жумгандан тажап, сизге кайрылып жатабыз. Макмалалтын комбинаты иштегенге  30 жыл болуп калды, бирок биздин Тогуз-Торонун эли бул комбинатта болгону акыркы 15 жыл толук кандуу иштеп, бул комбинаттын түзүлүшү жана кылган жумушуна түшүнүк пайда болду. Буга чейин бардык адистер Бишкектен жана башка аймактардан келип иштечү. Мындайча айтканда биз комбинаттын акыбалы орто кезде иштеп баштап, бүгүнкү, комбинаттын эскирип, тоо кендери азайып калган кезде дагы комбинатты эптеп жумуш абалында кармап турабыз. Чындыгында комбинаттын биздин экологияга берген терс таасири өтө көп, бул азыр иштеп жаткан комбинаттын эскилигинен дагы, алтын ширетүүчү технологиянын дагы эскилигинен. Биздин арабызда майып, оорулуулар коп. Азыркы кезде комбинатта айлыктар кескин азайып, премия, 13-айлык дегендерди унутканыбызга көп болду.

Комбинаттын директору Дыйканов Каныбектин сөзү боюнча комбинат чыгашалуу болуп, “Кыргызалтынга” зыян келтирип жатат, план толбогон үчүн кошумча акча төлөнбөйт дейт. Убагында комбинаттын эсебинен бүтүн “Кыргызалтын” жашачу. Биз “иш качан оңолот?”- деп сурасак, “инвестор келип комбинатка акча кириштирип, жабдууларды жаңылагандан кийин болот”- дешет. Азыр “Макмалалтын” “Кыргызалтынга” жылына 300 миллион сом чыгаша алып келип жатат. Бирок биз жумушчулар бул каражатты көргөн да жокпуз, сезген да жокпуз, бизди иштетпей туруп бул акчаны таратса дагы 100 миллион сом ашып калмак. Биз тан калып жатабыз, бул каражат каякка сарпталып жатканын, комбинаттка жабдыктарын ондоо иштерин баардыгын өз күчүбүз менен жасайбыз, техникаларды өзүбүз ондойбуз. Бүгүнкү “Кыргызалтындын” жетекчиси Алимбеков Алмаз биздин комбинатка ото кайдыгер, начар мамиле кылып жатат, жылына келсе бир жолу келет, кээде бир жылда бир жолу дагы келбейт, бир күн туруп кайра качып кетет, ал эми Ыссык-Көлдөгү “Кыргыз денизи” санаторийине 1-2 айда барып турат. Биз, “Макмалалтындын” жумушчулары, комбинаттын чыгаша менен иштеп жатканынын себептерин жакшы билебиз, бул – комбинаттагы алтындын уурдалышы, жабдууларга деп сарпталган акчалардын уурдалышы. Бул уурулук, уюшкан кылмыштуулук топтун тарабынан болуп жатат. Ал топтун башында “Кыргызалтындын” торагасы Алимбеков Алмаз отурат жана комбинаттын директору Дыйканов Каныбек, ЗИФтин начальниги Алмаз Исмаилов, “Кыргызалтындын” коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Канымбетов (ГКНБнын кызматкери).

Бул топ алтын уурдоонун жаңы жолдорун ойлоп таап, бүгүнкү күндө айына 5 кг алтынга жакын уурдап жатышат. Орточо эсеп менен алганда 5000гр * 2900сом = 14 500 000 сом айына алтындан гана уурдалат, жылына 174 миллион сом алтындан уурдалат. Жабдуулардан, техникадан, соляркадан канча уурдалганын эсепке албаганда дагы. Эгерде бул уурулуктар жоюлганда комбинат чыгашасы жок жакшы иштемек. Алимбеков бизге инвестор деген жомогун 3 жылдан бери айтып келе жатат, бирок инвестордун келүүсүнө “Кыргызалтын” эч кандай шарт түзбөй, тескерисинче бут тосууларды жасап жатат.

Анын мандеми түшүнүктүү, ким көмүскөдөн түшүп жаткан милдиондордон айрылгысы келет. “Макмалда” алтын уурдоонун далили катары, урдоонун ыкмасын айтып берели. Тоодон кендин анализдери 2,5-5гр алтын бир тонна кенге чыгат. Бирок, алтын ширетүүчү ЗИФке кирген анализдер 1 гр алтын тоннасынан ашпайт. Уурулуктун баардыгы ЗИФте болот. ЗИФте торт смена бар, ар бир смена вахта менен 15 күн иштейт. Ар бир сменага уурдоонун планы коюлат. Алтынды кенден ширетип жатканда .серный менен азотный кислота кошулат, анда алтын ээрип сууга аралашып кетет. Ошол жакка тряпканы малып, аны комбинаттан алып чыгып кетишет. Кийин ал тряпканы ысытып күйгүзгөндөн кийин таза алтын калат. ЗИФтен алтындын уурдоосун ЗИФтин начальниги Алмаз Исмаилов көзөмөлдөйт. Алтындын комбинаттан алып чыгышын, жана арам акчаны бөлүштүргөндү коопсуздуктун жетекчиси Нурдин Канымбетов көзөмөлдөйт. Бул уурулуктун иизин жашырыш үчүн Алимбековтун буйругу менен баардык контрОлдоп эсептеп туруучу приборлор бузулган.

Мурун пульпада, гидроциклондо жана калдыктарга кетчү заттарда датчиктер турчу, алар концентраттагы алтындын, жана хвостохранилищеге кетип жаткан алтындын көлөмүн көрсөтүп турчу. Бир жылдан ашык алардын көбү бузулуп, ар кайсы себептер менен ордуна жаны приборлор коюлбай жатат. Демек, уурдалып кеткен алтынды технологиянын. жабдыктардын эскиришине шьштап койсо болот. Бул тармакты комбинаттын директору Каныбек Дыйканов менен Алимбе-ковтун техникалык адистери көзөмөлдөшөт.

Эмнеге мындай уурулукка жол ачылды? Мурун “Макмалалтындан” таза “лоре сплавтагы” алтын чыкчу. Ал түздөн туз Кара-Балтадагы аффинаж заводуна барып ал жактан лабораториядан өтүп, анда алтындын көлөмү так аныктатчу. Акыркы 2,5 жыл Макмалдагы ото бийик температурада алтын ээритүүчү индукциялык меш иштебей турат. Бул атайын иштен чыгарылып, аркандай себептер менен кайра ишке кирбей турат, эмесе аны ишке киргизүү үчүн коп деле каражат кереги эмес.

Ошондуктан “Макмалалтындан” азыр алтын кара кир (“катодный осадок”) түрүндө чыгат, ага тряпка, же башка каалаган нерсени малып оной уурдап кетсе болот. Андан кийин анын уурдалгандыгын эч ким далилдей албайт, анткени бир дагы көрсөткүч иштебейт. Биз, “Макмалалтындын” жумушчулары, өзүбүздүн ден-соолугубузду кыйып, өндүрүштө жашообузга болгбн коркунучка карабай, айына 10 мин сом үйгө алып баралы деп иштеп жаткан учурда, бизди башкаргандар ушундай миллиондогон акчаларды уурдашы бул кандай нерсе? Биз ушунча жыл иштеп, буларга окшогон кылмыштуулук топту, өзүнүн жетектеген ишканасына жырткынчылык мамиле кылган, зөөкүр башкармаларды биринчи жолу көрүп жатабыз. Бул кьшмыштуулук топтун арасында баш кесер криминалдар дагы коп, коопсуздук кызматкерлери дагы коп.

Ошондуктан биздин кайрылуубузду ачык жарыялоо биздин жашообузга жана ишибизге коопсуздук жаратат. Эгерде сиз бул маселени көтөрүп, биз корсоткон далилдер боюнча коз карандысыз иликтөө уюштурсаңыз, биз ачыкка чыгып, дагы коп кьшмыштуулук фактыларды берүүгө даярбыз.

“Макмалалтын” комбинатынын жумушчулары

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: