Бул тууралуу 14-ноябрда Чүй облусунун ИИБиси билдирди. Мурда маалым болгондой, 8-октябрда жергиликтүү тургун – 48 жаштагы М.С. кайрылып, ошол күнү кечки тогузда Кант шаарындагы кабат үйлөрдүн биринин подъездинен кичинекей кызын зордуктоого аракет болгону жөнүндө арыз жазган. Ал факт Бирдиктүү кылмыштар реестрине киргизилип, бирок айбанды убагында колго түшүрө алышкан эмес.
Милиция кызматкери акыры айбандын өздүгүн такташып, аны кармоо иш-чарасын көрүшкөн. Натыйжада Бишкектин 30 жаштагы Д.С, аттуу тургуну кармалып, район бөлүмүнө жеткирилди. Ал мурда бир нече ирет соттолгон экен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ