Menu

Акылбектин акылын неге пайдалансак болбосун?

Бөлүшүү:

Акылы кырк эшекке жүк бол­гон Акылбек Жапаров деген кы­йын экономистибиз бар. Ар качан алдыны көрө билип, так прогноз кылып келет. Элет жерин кан­тип өнүктүрүү керек экенин да андан кыйын билген адис жок. Жада калса өлкөдө канча бай үй-бүлө, канча үй-бүлө ортоңку катмарда, канча үй-бүлө өлбөстүн күнүн өткөрүп колунда жок деген статуска ээ болгонун эбак анализдеп койгон. Байларга кан­дай мамиле кылууну, жакырларды кантип колдоо керек экени тууралуу программаны да сайрап келет. “Өзүбүздүн өнүгүү жолубуз” деген китебин чыгарып, кайсыл жолду тандашыбыз керек экенин так айткан жайы да бар. Быйылкы жылды президент Соо­ронбай Жээнбеков “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп атап, ал боюнча ушул жумада атайын жыйын курду. Ал жыйында Акылбек да катышты. Азыр Акылбектин акылын пайдаланчу учур келип турат. Анын иштеп чыккан программасын колдонсок неге болбосун? Сонун эле болмок.

Булак: Жаңы Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: