Соттордун чыгарган чечимдеринен күмөн санабаш үчүн анын мазмуну расмий сайтка жайгаштарылышы керек. Бирок, айыпталып жаткан тараптын аты – жөнү ал жерде толук көрсөтүлбөйт. Себеби, бул адам укуктарына тиешелүү болгон суроо, – дейт ЖК депутаты Кенжебек Бокоев бүгүн, 1-февралда “Парламент” радиосуна курган маегинде.
Андан тышкары депутат, – “Ар бир сот болом деген талапкер сынакка катышуу учурунда жазуу жүзүндө мен ишке орношкон соң, өзүмдүн жана жакындарымдын телефон сүйлөшүүлөрүн угууга макулдугумду берем, – деген тил кат жазып берүүгө тийиш. Бул тууралуу тиешелүү мыйзамдын өзгөртүүлөрү демилгеленген. Бул дагы соттордун көз карандысыздыгын камсыздоого өбөлгө болот”, – деген мисалдарды келтирди.
Ошондой эле депутат биринчи инстанцияда турган райондук сотторду мүмкүн элдердин тандоосуна коюп шайласак бул дагы элдин сотторго деген инеиимин бекемдей алат беле? – деген жеке пикирин да кошумчалады.
Сот реформасы жана анын жыйынтыктары тууралуу маселеге бир гана депутаттар эле эмес, жалпы коомчулук дагы жакындан баам салып, сунуштарын айтсын деген максатта “Республика – Ата – Журт” фракциясы парламенттик угуу өткөрүүнү максат кылууда. Иш чара Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулат, – дейт парламентарий.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ