Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 1-2-февралда Тажикстан Республикасына эки күндүк расмий визит жасады.
Визиттин алкагында Эмомали Рахмон менен тар жана кеңири курамдарда жолугушуулар өткөрүлүп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Визиттин жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду, Мамлекет башчылары Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Расмий визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзоде жана Тажикстан Намояндагон Мажлиси Оли Мажлисинин Төрагасы Шукуржон Зухуров менен дагы жолугушту.
Визитинин соңунда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Улуттук музейинде болуп, ардактуу меймандар китебине Тажикстан элине жакшы тилектерин билдирген жазуу калтырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ