Өзбекстанда Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү салык жана бажы комитеттерин жапырт текшерип жатышат.
Маалыматка караганда, өткөн жумада башталган пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө Башкы прокуратура менен Эсеп палатасы 70 миллиард сумга жакын (8,5 миллион доллардын айланасында) акча кем чыкканын аныктаган. Бул өлкө боюнча кеңири масштабдагы текшерүүлөрдүн башталышына себеп болгону айтылууда.
– 31-январда Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Рустам Иноятов кызматтан алынгандан кийин анын кудасы, Салык комитетинин жетекчиси Батыр Парпиевдин башына каран түн түштү», — деп билдирди текшерүүлөрдүн башталгандыгы тууралуу алгачкылардан болуп кабарлаган журналист Сергей Ежков.
Uzmetronom сайты өз булактарына таянуу менен алгач текшерүүлөргө катышкан Башкы прокуратура кызматкерлеринин саны 30 болсо, кийин алар 65ке чейин көбөйтүлгөнүн билдирди. Сайттын маалыматына караганда, прокурорлордун максаты — комитет кызматкерлеринин текшерүү маалындагы кылмыштуу схемаларынын бетин ачуу, ошондой эле алар тараптан пара алып, комитет төрагасы же анын орун басарына берүү ыктымалдыктарын аныктап чыгуу.
Мамлекеттик салык кызматындагы текшерүүлөр 15-апрелге чейин созулуп, анын жыйынтыктары тууралуу президент Шавкат Мирзиёевге маалымат берилери кабарланууда. Ушундай эле текшерүүлөр өлкөнүн Бажы комитетинде дагы башталды. Булактардын маалыматы боюнча, текшерүүлөрдөн кийин бажы комитети Каржы министрлигинин карамагына өткөрүлүшү мүмкүн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ