Menu

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүүнүн натыйжасында 10 млрд сомдон ашуун каражат түшүүгө тийиш

Бөлүшүү:

Жогорку кеӊеште «Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын жайылтуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты салык тармагын электрондук тейлөөгө, анын ичинде электрондук эсеп-фрактураларды колдонууга өткөрүү үчүн салыкты электрондук башкаруу жана аны аралыктан башкаруу усулун киргизүү чараларын ишке ашырууга укуктук негиз түзүү болуп саналат. «Мында ЕАЭБ курамына кирген мамлекеттердин, дагы башка өлкөлөрдүн товарларын көзөмөлгө алууга шарт түзүлөт», – дейт экономика министри Артем Новиков.

Андан тышкары, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» мыйзамга да айрым бир түшүнүктөрдүн маансин тактоо жаатында түзөтүүлөр киргизилип жатканы белгилүү болду. Мисалы, «сынактык талдоо» – инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн товарларды, жумушту, тейлөө кызматын ж.б.у.с.ларды берүү боюнча жеӊүүчү аныктала турган жүрүм.

Андан тышкары, инвестициялык атаандаштыкка жөндөмдүү жакты сынактык тандоо усулу КР Өкмөтү тарабынан аныктала тургандыгы тууралуу жобо да сунушталууда. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин пикиринде, инвестициялык долбоорлор боюнча мамлекет үчүн маанилүү болгон чечимдердин кабыл алынуу жүрүмүн кыйла тездетет.

Ал эми депутат Таабалды Тиллаев өкмөт өкүлдөрүнөн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү ишкерлерге кандай таасир тийгизе турганын жөнөкөй тил менен так түшүндүрүп берүүнү өтүндү. «Бул тууралуу ишкерлер эле эмес, жалпы жарандар да туура түшүнүк алышы керек. Анткени, ишкерлерде «эми текшерүүлөр азайыбы же көбөйөбү, жөнөкөйлөшөбү же татаалдашабы» деген сындуу күдүк ой жаралууда», – дейт ал.

Андан тышкары, эл өкүлдөрү бирин-экин гана компанияларга артыкчылык бере бербей, кассалык-көзөмөл машиналарын орнотуу жаатында атаандаштыкты күчөтүү, салык жана бажы тармагындагы коррупциялык жосундарды жоюу, көмүскө экономиканын көрүнөө алып чыгуу чараларын көрүү зарылдыгын белгилешти. Анткени, эл аралык эксперттердин айтымында, ушу тапта Кыргызстандагы көмүскө экономиканын үлүшү 38 пайыздан ашты.

Салык кызматынын болжолуна караганда, салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүүнүн гатыйжасында кошумча нарк салыгы боюнча эле бюджетке 10 млрд сомдон ашуун каражаттын түшүүсү күтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: