Кечээ, 17-февралда Казакстандын Алматы шаардык соту КР Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек уулу Дамирбекти жана анын өнөктөштөрү Уланбек Мурадилов менен Чынгыз Абакировду 2 айга абакка алганы белгилүү болду. Бул тууралу Барометр сайты жазып чыкты.
Эсиңиздерге сала кетсек, Казакстандын укук коргоо органдары депутат Асылбек уулу Дамирбекти жана анын жолдоштору Уланбек Мурадилов менен Чынгыз Абакировду кытай товарларын Кыргызстандан Казакстанга аткезчилик жол менен өткөрүп турган деп айыптап, 15-16-февралдарда кармаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ