Негедир акыркы убакта КСДПнын сьездинин кечиктирилиши ар кандай ойлорго түртмөктөп жаткандай. Айрым өзүн укмуш популист адам катары эсептеп алгандар съездди өткөрүүнүн деле кажети жок деген кептерин жолугушууларда билдирүүнү эп көрдү. Бизде демократиянын эпкини абдан катуу өнүккөн. Ошого таянып, жөлөнүп алгандар түркүн амалдарын элге жайылтууну көздөшөт. Анан эле өздөрүнө чек коюла калса Кыргызстанда демократияны муунтуп жатышат деп бийликке каңкылдай башташат.
А чынында кандай шамал жергебизди аралабасын башкаруучу партиянын кезектеги съездди эртеби, кечпи баары бир өтөт. Оболу партиянын төрагасы бир добуштан шайланат. Анан калган омоктуу маселелер ортого салынып, ийне-жибине чейин талкууланат. Партиянын авангарды эсептелген КСДП өзгөлөргө үлгү болушу мезгилдин өктөм талабы. Калгандары булардын оң жактарын өздөрүнө “жамап, жалгап” алуулары зарыл. Албетте, жамы журтка эзелтен белгилүү болгондой Алмазбек Атамбаев партиянын башына келет. Ошол ишаараттан кийин келечектүү пландарын айгинелешип, саясат майданына борозун тартышаары турган иш. Бул кадамдардын кыймыл-аракетке келерине деле көп убакыт калган жок деп кесе айтууга болот. Мындай арымдуу демилгелерди коомчулук чыдамсыздык менен күтүп жатканы деле ырас.
Булак: Ачык сөз
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ