“Кыргызстан” партиясынын кожоюну, алкомагнат, Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримовдун акыркы мезгилдеги окуялар шайын оодарды. Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясы да чеке жылытарлык иш алып баралбады. Партиясын шайлоого баштап барган Канат Исаев камалганда, партиясы баш болуп үн катканга жараган жок. Азыр фракциясын жетектеп жаткан Баатырбеков да депутаттарын башкара албай убайым тартууда. Фракциясындагы депутаттардан да ишенген 2-3 эле адамы калганын, калганы өзүм билемдикке салып жатканы жашыруун эмес. Жакында эле өзбек кримбашчысы Салимбай байбача менен түшкөн сүрөтү интернетке чыгып, Шаки бир шылкыйса, ишенимдүү деп саналган Дамирбеги Казакстанда контрабандист деп кармалып, кош жарандуулугу ачыкка чыгып, дагы бир жолу сынды. Жердеш агаларынын бирине “Бир партияны кармаш оор экен” деп ыймандай сырын айтканы эле, анын мурункудай дарамети калбай калганын ачыктайт да…
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ