Жаш өкмөттүн жаңы кадамдары көпчүлүктү иренжитти. “Таза коом”, “Акылдуу шаар” курам деген Сапар Исаковдун аруу тилегин таза кадрлар, өзүнө окшоп заманбап ой жүгүртө алчулар ишке ашыруудан биротоло четтеп калды. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы болуп турган Дастан Догоев ээлеген ордунан өз каалоосу менен кетип, анын ордуна буга чейин бул кызматты жетектеп, артынан кыйла узун кеп эрчитип кеткен Алина Шаикова айланып келди. Муну менен “Таза коом” көп сөзгө калган кадрлар менен курулмай болду. Шаиковадан башка таза, өз ишин мыкты билген кадр Мамкаттоону жетектегенге табылбай калды бекен? Бул кишини мурун өзү чуулуу жайга айландырган, “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууда негизги функцияны аткара турган кызматтын башына алып келген соң, Тайырбек Сарпашевди дагы сүдүрөп келип бир кызматка олтургузуш керек го.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ