Menu

КСДПдагы тиреш: Асел Кодураңова Жогорку Кеңештин вице-спикери кызматынан кетет

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-декабрда түштөн кийин Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында парламенттин вице-спикери Асел Кодураңованы кызматтан кетирүү маселеси каралууда. Бул тууралуу расмий эмес маалымат булактары билдирди.

КСДПнын атынан вице-спикерлик кызматта отурган А.Кодураңованы кызматтан алуу маселеси эмнеден улам пайда болгондугу, анын ордуна кайсы депутаттын талапкерлиги тандалып жаткандыгы боюнча азырынча маалымат жок.

Бирок, бир тарабында өзүн партия лидеримин деп эсептеген экс-президент А.Атамбаев, а ага каршы чыккан экинчи тарабында С.Абдырахманов, Д.Тербишалиевдер баштаган “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы, И.Өмүркулов төрагалык кылган парламенттеги КСДП фракциясы турган бул партиянын ичинде айыгышкан “ичара согуш” жүрүп жатканы белгилүү. Ошондуктан, А.Кодураңованы вице-спикерликтен кетирүү ошол ажырым, партиядагы өз ара тирештин натыйжасы болушу ыктымал.

Жогорку Кеңешке социал-демократиялык партиядан депутат болгон Асел Кодураңова 2017-жылдын 1-ноябрында вице-спикер болуп шайланган

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: