Кыргызстанда катталган жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 2,7% түздү. Бул тууралуу улуттук статистикалык комитет билдирди.
2018-жылдын январь – сентябрь айларында жумушка орношууга каттоого тургандардын саны 90,3 миң адамды түзгөн. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1,6% көп.
Өлкө боюнча расмий катталган жумушсуздардын саны 68,5 миң адамды түзөт, бул 2017-жылга салыштырмалуу 9,1% көп.
Катталган жумушсуздардын 51% аялдар түзгөн.
Жумушсуздардын эң көбү Жалал-Абад ( 22 миң 311 адам) жана Ош облусунун (14миң 880 адам ) тургундары. Эң азы Ош шаарында (2 миң 250 адам).
Жумушсуздук боюнча берилүүчү пособиянын өлчөмү 250 сомду түзөт. Аны мурун Социалдык фондго каражат өткөргөндөр гана ала алат.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ