Menu

Жалал-Абадда айыл чарбасынын адистери менен фермерлеринин семинар-кеңешмеси өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-февралда өкүлчүлүктүн аппаратынын чоң жыйындар залында КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан областтын айыл чарбасынын адистери, фермерлери менен дыйкандары үчүн атайын семинар-кеңешме болуп өттү. Семинар-кеңешменин ишин өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов ачты. Кыргызстанда айыл чарбасын өнүктүрүүгө арналган семинар кеңешменин ишине КРнын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин мал чарбасы жана илимий саясатты өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент Сулайман Мамаев, министрликтин жаңы технологияларды өнүктүрүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Аскарбек Сагынбаев, өсүмдүктөрдү экспертизациялоо боюнча департаменттин директорунун орун басары Нурбек Малабаев жана жайыт, мал чарба жана балык чарбасынын департаментинин Өзгөн балык чарбасынын директору  Закирбай Козубаев, областтын райондорунун айыл чарба департаменттеринин башчылары, фермерлер менен дыйкандар  катышты.

КРнын Өкмөтү тарабынан айыл чарбасын өнүктүрүү  боюнча 4 тармакты приоритеттүү багыт катары алууда. Алар тамчылатып сугаруу, күнөсканаларды көбөйтүү, логистикалык борборлордун ишин жандандыруу жана мал союлуучу жайларды заманбап талапка ылайыктуу куруу милдеттери коюлуп жатат. Бүгүнкү күндө республика боюнча 1815,3 га айыл чарба багытындагы аянттар тамчылатып сугаруунун негизинде жүргүзүлүп жатат. Мындан сырткары 1448 күнөсканалар курулган.

Семинар-кеңешменин жүрүшүндө анын катышуучулары тарабынан көптөгөн суроолор берилип, аларга так жана ынанымдуу жооптор берилди.

Жолдошбай Осмонов, журналист

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: