2018-жылдын 27-февраль күнү саат 17:09да Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Капчыгай айыл аймагынын Ичке-Суу айылынын тургуну 1974-жылы туулган М. М. аттуу жаран Тар дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Ошол убакыттан бери издөө иштери жүргүзүлүүдө.
2018-жылдын 1-мартында саат 07:00дө издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМ Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан п/п-к Э.Адиев башчылыгында 6 куткаруучу, КР ӨКМнин Кара-Кулжа райондук №66 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 20 куткаруучу, РИИБнөн 4 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 100 адам тартылган. Саат 17:30да издөө иштери убактылуу токтотулган. 2018-жылдын 2-марты күнү издөө иштери улантылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ