Ушул жылдын 4-июлунда Бишкек шаарынын Октябрь ички иштер башкармалыгына К. С. аттуу жабырлануучу автоунаасынын дөнгөлөктөрүн уурдап кеткендиги боюнча арыз менен кайрылган. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин Басма сөз кызматы билдирет.
2017-жылдын 1-июлунан 2-июлга караган түнү үйүнүн алдынан белгисиз жарандар “Хонда фит” үлгүсүндөгү автоунаасынын 4 дөнгөлөгүн уурдап, изин жашырып качып кетишкен.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш козголгон.
Октябрь ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаранын натыйжасында шектүүлөр кармалды. Алар:
1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси(уурулук) боюнча мурда соттолгон Ысык-Көл облусунун 1995-жылы туулган М.К. жашоочусу;
2) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-берене (уурулук), 166-беренелери (алдамчылык) боюнча мурда эки жолу соттолгон Нарын облусунун 1995-жылы Н.М. аттуу жашоочусу;
3) Чүй облусунун 1995-жылы А.И. аттуу жашоочулары кармалышкан.
Учурда кармалган жарандар Бишкек шаарынын аймагында башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы иликтенип жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ