Menu

Президент Атамбаевдин аракети эл аралык коомчулукта бааланабы?

Бөлүшүү:

Кыргызстан бул жылы эл аралык коомчулуктун назарында боло турганы маалым. Күздө өтө турган шайлоонун жүрүшү эмитен эле жанданып, талапкерлер эртелей эле марага тизиле башташты. Негизи БШК расмий түрдө каттагандан кийин кимдин шансы канчалык экени ачык байкала баштайт. Азырынча кайсы бир саясатчыны алдыга сүрөп айтуу ашыктык кылат го.

Соңку убакта дүйнө жүзүндөгү шайлоолор күтүүсүз жыйынтыктарды тартуулаганы да бекеринен эмес.

Маселен, АКШ президенти болуп шайланган Трамп менен Франция президенти Макрондун жеңиштери өзгөчө көңүл бурууну жаратты. Бул эки талапкер тең алдыртан эле коомчулукта шансы аздай сезилгени, аныгында жеңишти багындырышканы маалым. Бизде дагы дал ушундай кырдаал жаралып калсачы?

Ушу тапта көпчүлүккө байкалгандай, президент Алмазбек Атамбаев шайлоого аттанып аткан бардык талапкерлерге тең укуктуулукту тартуулап, эл кимди колдосо ошого мүмкүнчүлүк берүүнү билдирип келет. Иш жүзүндө дагы ошондой экен. Айталы, бийликчил эмес Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов же Бакыт Төрөбаев болобу, буларга эч кандай бут тосуулар жаралбастан, толук кандуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Башка Борбор Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда демократия жана адам укуктарынын эркиндиктери сезилүүдө. Мындай шартта шайлоо мыйзам бузуусуз өтө турганы, бийликтен кысым жаралбасы, же административдик ресурстар мурдагы режимдердей пайдаланылбай, адилеттүүлүктүн болушу болжонууда. Ошондой эле болсо экен. Дал ушун­дай калыстык орун алса, мунун жемиши президент Атамбаевдин ак дилдүү ишмердиги катары дүйнөлүк коомчулукка тарайт. Мунун өзү Кыргызстандын гана кадырын көтөрмөкчү…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: