Кыргызстанда 2020-жылга өнөкөт бөйрөк оорулары бар бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүү үчүн бюджеттен 682,7 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде өкмөттө өткөн брифингде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы Элнура Боронбаева билдирди.
“2020-жылдын январь айынан тартып гемодиализ кызматы 20 жеке менчик жана 4 мамлекеттик ооруканада көрсөтүлөт. Бүгүнкү күндө ММК фондунун маалымат базасында катталган 1234 бейтапка кызмат көрсөтүлүп келе жатат. Жыл башынан бери 235 миллион сомго каржылоо жүргүзүлдү.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ