СДПКнын депутаты Аалы Карашевдин маанайы жок жүрөт. Башкы прокурор балдызы Индира Жолдубаева кызматынан алынды. Анын үстүнө Аалы мырза президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков менен да мамилеси анча жакшы эмес экен. Карашевдин мындан аркы кадамдары кандай болот? Эгер Сооронбай Шарипович менен Алмазбек Атамбаевдин тиреши күч алса, Атамбаев үчүн аягына чейин туруп бере алабы же чет өлкөнү көздөй сызабы? Ал эми Жээнбековдор үчүн ураалап чыкпасы бештен белгилүү болуп турат. Атамбаев оппозиция катары күч түзө турган болсо, Аалы Карашев Оштон бийликке каршы турганга «духу» жетеби? Кеп ушунда…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ