Алмазбек Атамбаев Евразия экономикалык бирлиги менен Вьетнамдын ортосундагы эркин соода жүргүзүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам 2016-жылдын 25-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Макулдашууну ратификациялоо 90 пайыздан ашык товардык позициялар боюнча эркин соода режимин камсыз кылат. Алымдарды жокко чыгаруу жана рынокторго кирүү режимин бошотуу эки баскыч менен жүргүзүлөт.
Макулдашуу товарларды, кызматтарды соодалоо, бажылык администрациялоо, соодадагы техникалык тоскоолдуктар, санитардык жана фитосанитардык чаралар, инвесторлор киргизген капиталдык салымдар, интеллектуалдык менчик, мамлекеттик сатып алуулар, атаандаштык, туруктуу өнүгүү, электрондук соода маселелерин камтыйт.
Ички рынокту коргоо, лицензиялоо, төлөм баланстарын коргоо чаралары, өнөр жай жана айыл чарба товарларына субсидия берүү маселелери боюнча макулдашууда ДСУнун алкагында тиешелүү ченемдери инкорпорлоштурулган. Мында антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонууда ЕАЭБге мүчө өлкөлөр Вьетнам тарабынан жеке тараптар катары каралат. Мындан тышкары, өсүп жаткан импорттон тобокелдиктерди тезинен төмөндөтүүгө өбөлгө болуучу эки тараптуу коргонуу чараларын колдонуу каралган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ