Menu

Бишкекте азык-түлүк куржуну 18 январга карата кандай болду? Бир үй-бүлө тамак-ашка канча коротот?

Бөлүшүү:

Көпчүлүк кыргызстандыктар жума сайын азык-түлүккө кыйла эле каражат коротот. Көпчүлүк учурда чыныгы чыгымдар менен мамлекеттик органдардын статистикалык маалыматтары дал келбейт. Биз бул ирет Бишкек үчүн азык-түлүккө кеткен орточо бааны эсептеп көргөнгө аракет кылып көрдүк.

Бир аптанын аралыгында азык-түлүктөр жаңы жылдан кийин минималдуу баасы 30 сомго төмөндөдү – 4 миң 318,5 сомду түздү. Төмөндө биздин куржунга кайсыл азык-түлүктөр киргенин келтирдик. Соңку жумада картөшкөгө, помидорго, шекерге, алмага, сүткө жана жумурткага боогон баалар көтөрүлдү. Нан, бадыраң жана калемпирге болгон баа төмөндөдү. Ошондон улам жыйынтыгында азык-түлүк куржундун баасы бир аз төмөндөгөнү байкалды.

Анализ көрсөткөндөй, биз өз экспериментибизди 2018-жылдын октябрынан баштаган элек, андан бери азык-түлүк куржуну 1 миң 48,5 сомго кымбаттады. Жыл жаңыргандан бери картөшкөнүн баасы кескин көтөрүлө баштаганы кызык. Акыркы айда ал 4 сомго көтөрүлдү. Ошондой эле кара күрүчкө (гречкага) болгон баа да жогору.

Дале болсо арзан азыкка – нан, картөшкө жана пияз кирип келет.

Кыргыз Өкмөтү 2009-жылы эле кыргызстандыктардын тамак-аш нормативин бекиткен. Ал документке ылайык, өлкөнүн ар бир тургуну ай сайын жей турган азык-түлүктүн тогуз аталышын келтирген.

Нормативге кирген азыктар: нан азыктары – 9 кг, эт – 5 кг, картөшкө – 8,2 кг, жашылча – 9 кг, жемиштер – 10 кг, шекер – 2 кг, сүт – 17 литр, өсүмдүк майы – 1 литр, жумуртка –  4 даана, балык жана балык азыктары – 100 гр., чай – 200 гр.

Мамлекет бекиткен минималдык норманы алып,  биз төрт кишиден турган үй-бүлөгө азык-түлүк куржунун эсептеп көрдүк. Негиз катары Бишкектин супермаркеттеринин бириндеги бааларды алдык. Акыркы кездери шаар тургундары көбүнчө ири дүкөндөрдөн соода кыла башташты.

Албетте, бул эсептер болжолдуу гана жана мамлекет бекиткен нормаларга гана негизделген. Анын үстүнө бардыгы эле окшош азыктанбайт, сандары да ар кандай. Бир үй-бүлө караманча эт жебейт, бири шекер колдонбойт дегендей. Ошондуктан биздин куржунду акыркы чындык катары кабыл албаңыздар. Бул болгону социалдык эксперимент.

Нан азыктарына нан, макарондор, дан азыктары кирет. Үй-бүлө орто статистикалык, ошондуктан алар жемиштен – алма менен бананды, жашылчадан – пиязды, сабизди, калемпирди, капустаны, бадыраңды жана помидорду тандашат. Ашыкча эч нерсе жок. Бул эң зарыл болгондору гана.

Кыргызчалаган KyrgyzToday.kg

Булак: 24. kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: