Menu

Мигрант арызданды, андан жыйынтык чыкпады. Неге?

Бөлүшүү:

Москва шаарында эмгектенип жүргөн кыргыз мигранты Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө, Жогорку Кеңешке арыз менен кайрылган, миграция кызматына нааразылыгын билдирген. Бирок, арадан алты ай өтсө да андан майнап чыкпаганы кызык.

Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Кара-Дарыя айылынын тургуну Юсупова Нургүл кесиби боюнча медик, бирок жүз миңдеген кыргызстандык жаштардын бири катары өмүрлүк жолдошу менен көр турмуштун айынан Россияга барып иштөөгө мажбур болуп, Москва шаарына барган. Ал жакта мектепте тазалагыч болуп иштеп жүргөн кезде анын күйөөсүнүн ала албай жүргөн эмгек акысын КР өкмөтүнүн алдындагы Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын ошол жактагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен алган экен. Бирок алардын бригадири миграциядагыларга деп эмгек акы алгандардан 3 миң рублдан акча чогултуп алат. Кийин бул тууралуу миграция кызматынын өкүлчүлүгүнө жетип, ал жердегилер акча чогултуу боюнча эч ким эч нерсе билбей турганын айтышат жана арыз жазууну сунуш кылышат.

Бирок, Н.Юсупова Миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Жаркынай Галиеванын айтуусу менен арызга ошол өкүлчүлүктүн кызматкеринин ысымын кошо жазып койгон. Буга ал кызматкер терс реакция жасап, бул фактыны териштирип кирген, өзүнүн бул ишке тийиштүү эместигин көргөзгөн. Ошого байланыштуу Н. Юсупова кайрадан эле ошол өкүлчүлүккө 2019-жылдын 21-февралында арыз жазып, анда аты аталган кызматкердин ысымын мурдагы арызга Ж. Галиева коштурганын, ал кызматкерди мурда тааныбаганын, көрбөгөнүн көрсөткөн. Кат өкүлчүлүктө кабыл алынып, 157-сан менен катталган. Катталган арыздын көчүрмөсү Н. Юсупованын колунда калат.

Бирок, кийин маалым болгондой, Н. Юсупованын ошол кийинки катталып, кабыл алынган арызы жыртылып кеткени, каттоо китепчесинде 157-сан менен башка кагаз катталып калганы маалым болот. Буга нааразы болгон арыз ээси өз укуктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабековго, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухамметкалый Абылгазиевге 2019-жылдын 10-октябрында арыз жазып кайрылган. Арызда эмгек мигранты катары анын мүлк укуктары бузулуп, акчасын алдырып койгону тууралуу Миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө жазган арызы 8 ай бою каралбаганы, жетекчи орун басары Н. Галиева анын арызын тытып салганы жана өз кызмат абалынан кыянат пайдаланганы тууралуу жазып, далил катары 2019-жылы 21-февралдагы катталган арызынын көчүрмөсүн тиркеген. Ошондой эле бийлик ээлеринен бул ишти Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан текшертип, күнөлүү кишилердин аракетине юридикалык баа берүүнү суранган.

Албетте, КР Жогорку Кеңеши, Кыргыз өкмөтү бул арызды Миграция боюнча мамлекеттик кызматына жолдошкону түшүнүктүү. Ал эми Миграция боюнча мамлекеттик кызматы ал боюнча эмне жасаганы, кантип текшерүү жүргүзгөнү, кимдердин аракетине кандай баа берилгени азыркыга чейин белгисиз. Анткени бул тууралуу арыз ээси Н. Юсупованын кабары жок экен. Ырас, бул арыз каралып жатканы тууралуу Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы дарегине учкай кат жөнөтүлгөн, бирок арыз ээсинин өтүнүчү боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат жок.

Дагы бир кызык жери, арыз ээси Н. Юсупованын арызы боюнча КР Жогорку Кеңеши да, Кыргыз өкмөтү да жооп бере элек экен. Ал эми Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында арыз ээсине 14 күндүн маалымат берүүсү каралган. Мыйзам жоболорун эң ириде мамлекеттик органдардын ана башы парламент менен өкмөт аткарууга тийиш эле, тилекке каршы, мыйзамдар да аткарылбай кала берген. Ошонун кесепетинде чет элде иштеп жүргөн кыргыз мигрантынын бузулган укуктарын калыбына келтирүүнү камсыз кылып берүү өтүнүчү гана аткарылбай калбай, анын укуктары экинчи ирет дагы бузулганы өтө өкүнүчтүү.

Дегеле КР өкмөтүнүн алдындагы Миграция боюнча мамлекеттик кызматы көр турмуштун айынан азып-тозуп чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттардын оорун жеңилдетүү, алардын ар тараптуу укуктарын коргоо максатында түзүлгөн. Бирок, Н. Юсупованын өткөн жылы күздөгү арызы боюнча ушул кезге чейин анын бузулган укуктары калыбына келтирилбей, жүр-нары мамиле жасалышы айтылган максаттарга таптакыр туура келбейт. Алардын укуктарын башкалардан коргой турган кызмат өзү укуктарды бузуп, жазган арыздарын тытып, өз убагында жардам бергендин ордуна кароосуз калтырып коюушу акылга сыйбас көрүнүш.

Эскерте кетсек, Миграция кызматынын жетекчилиги сырттагылардын каржылоосу менен атайын командировкага Түштүк-Сахалинге барып келгендиги, андагы шектүү учурлар тууралуу кыргыз тилдүү сайттарга буга чейин да материалдар жарыяланган. Бул кызматтын ишинде көптөгөн мүчүлүштүктөр, мыйзамсыздыктар барлыгы тууралуу маалыматтар бар. Балким, Кыргыз өкмөтү, Жогорку Кеңеш, кыргыз жарандарынын конституциялык укуктарынын сакталышына кепилдик берүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин аппараты Миграция кызматынын ишине тыкыр назар салып, жогоруда айтылгандай бузулган укуктарды калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүшөр. Деген менен, Кыргызстандын элин кайсы бир деңгээлде ошол мигранттар багып, өлкөнүн социалдык туруктуулугун дал ошолор кармап турганын унутпайлы.

Ал эми Н.Юсупованын бузулган укуктары кабылына келтирилеби же жокпу, анын кийинки тагдыры кандай болот, ага тыкыр коомдук көзөмөл болорун эске салабыз.

Жалил САПАРОВ, журналист.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: