Кыргызстандын Япониядагы элчилиги Токио шаарынын тургундары менен конокторуна төрт кыргыз тасмасын тартуулай турганын Кинематографияны колдоо фондусунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, фильмдер 2-3-сентябрь күндөрү көрсөтүлмөкчү. Программага эки даректүү, эки көркөм тасма кирген.
Япондуктарга Болот Шамшиевдин “Ак кеме”, Садык Шер-Нияздын “Курманжан датка”, Арстанбек Саргалдаевдин “Ишенимдин 600 күнү” жана Гүлжан Ирештин.”Хоккайдодогу Манас” тасмалары тартууланат. Иш-чара Токидогу кыргыз киносунун күндөрүнүн алкагында өтөрү айтылды.
Булак: «Тамчы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ