«Электр станциялары» ишканасынын техникалык директору Алмаз Жусупбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Ал Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоого бөлүнгөн акчанын уурдалышы боюнча шек саналууда. Өткөн аптада «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев да камакка алынган. Эми кезекте дал эле камалган экөө сыяктуу, ТЭЦтеги мандемдүү иштерге түздөн-түз тиешеси бар делген «Энергохолдингдин» башчысы Айбек Калиев, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, биринчи вице-премьер министр Аскар Шадиев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбаддиев, мурунку каржы министри Ольга Лаврова деген сүттөн таза, кардан ак болуп, кылмыш ишинен сырткары калбаш керек. Буларды дагы тиешелүү органдар тыкыр суракка алышы милдет. “Айран ичкендер кутулуп, аяк жалагандар тутулуп”, “кимди-ким көрдү, Быржыбайды там басты” болуп калбаш керек…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ