Menu

Адиль Турдукулов, активист: “Абдил Сегизбаев Атамбаевди зөөкүр, бандит, наркобарон деп атап келген болчу”

Бөлүшүү:

– Адиль мырза, УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоо боюнча Башкы прокуратурага арыз менен кайрылдыңыз эле. Ал жактан кылмыш иш козгоодон баш тарткан жооп алдыңыз. Сегизбаев кайсыл кылыгы үчүн жооп бериш керек деген пикирдесиз?

– “Белизгейт” боюнча маалыматты тараткан Абдил Сегизбаев бийлик өзгөрсө дагы жоопкерчиликке тартылбай жатат. Керек болсо ага карата иликтөө иштери дагы жүргүзүлгөн жок. Анын айтканы калп болуп чыкты. УКМК Белизден документтер келген эмес деп билдирген. Бул жерде аны “кызматын кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмалуулук”, “алдамчылык” беренелери боюнча жоопко тартуунун жолдору бар. Саясий абал өзгөрүп, Текебаев, Чотоновдун иши кайра каралсын деген чечим чыккандан кийин, Башкы прокуратура мыйзам негизинде Сегизбаевди жоопко тартышы керек болчу. Ал гана эмес ошол ишти аткарган адамдар дагы жоопко тартылышы зарыл. Андай болбой жаткандыгы прокуратура кызматы мурдагыдай мыйзамга эмес, бийликтин гана көрсөтмөсүн күтүп жаткандыгынын белгиси.

— Сегизбаевди “Эрке талтаң” деп атадыңыз. Атамбаевдин “эрке талтаңы” болгонун баары билет. Бул бийликтин да “Эрке талтаңы” деп атоого кандай негиз бар?

– Абдил Сегизбаев жарандык коом өкүлдөрүн жана оппозицияны каралоо жагынан мурунку бийликке мыкты кызмат кылып бергени үчүн УКМКга жетекчи болуп дайындалган. Ал жакта мурдагы иштерин атайын кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу аркылуу мурдагыдан дагы ашыра иштеп берди. Ошондуктан Сегизбаев “Белизгейт” үчүн гана эмес, ошол убактагы оппозиционерлер – Талгарбеков, Колубаев, Султанов, Калматов, Сарыгулов, Кунакунов, Кадыров, Асановду мыйзамсыз камаганы үчүн саясый туткун кылган үчүн жоопко тартылыш керек болчу. Бирок, азыркы бийлик муну көрмөксөнгө салып жатканы, көшөгөнүн артында кандайдыр бир тымызын макулдашуу бар экени, же Сегизбаевдин азыркы бийлике катылган компроматы бар деген ойго түртөт.

— Абдил Сегизбаев 7-8-август окуяларын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынында “Атамбаевге моралдык жактан колдоо көрсөткөнү баргам” деп айтты. Ал бүгүнкү бийликтин “эрке талтаңы” болсо, Атамбаевди кантип моралдык жактан колдоп, ага дух бергени бармак эле? Же эки тарапка тең иштеген адамбы?

– Сегизбаев 2005-жылы Акаевдин пресс-катчысы болуп турганда, ошол убактагы оппозицияны, анын ичинде Атамбаевди дагы – зөөкүр, бандит, наркобарон деп атап келген болчу. Мында эч кандай принцип жок. Ошондуктан ал жерге өзүнүн ою менен барды дегенге ишенбейм.

Наралы Асанбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: