Коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, натыйжада Америкага качып кеткен мурдагы биринчи вице-премьер министр, Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевдин 25 банктык эсеби жана жакындарына катталган бир нече “Трейд инвест” жана “Бината” сыяктуу фирмалары камакка алынган эле. Бирок бул ишканаларга караштуу Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” соода борборунун курулушу бүткөрүлүп, 1-июнда ишке киришкен. Коомчулукта буга байланыштуу нааразычылыктар айтылып, натыйжада УКМК Шадиевдин мүлкү боюнча тергөө аяктай электигин маалым кылды. Демек, «Ала-Арча» соода комплекси акыйкаттык болсо мамлекетке алынат деп үмүт кылалы.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ