Menu

Вице-премьер министр Замирбек Аскаровго оңтойсуз суроолор

Бөлүшүү:

– Замирбек Марипбаевич, вице-премьер министрлик кызматгы кыйналбай эле тартып жатасызбы? Ойдо жок жердей орчундуу кызматка конуп калаарыцыз үч уктасаңыз түшүңүзгө кирген эмес беле? Таанышың болсо танкасың деген эл ичинде айтылган азилдин чындыгы бар бекен? Географ адистиги Өкмөттүн экономика жана инвестиция тартуу тармагына топ келет бекен? Топ келбесе, эмненин ичинен чыгып жатасыз? Бир жыл аким, анан чала-була вице-мэр болуп иштеп, андан кийин эле вице-премьер болуп келдиңиз. Тажрыйба, билим деген эң негизги талап вице-премьерлик кызматка анчейин зарылчылыгы жок бекен? Деги кантип иштеп жатасыз? Кыйналган жоксузбу? Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт тармагын арац кылдыратып жүргөн жаныңыз, өкмөттүн экономика жана инвестиция тартуу тармагына тишиңиз өтүп жатабы? Өтсө эмне иштин үстүнөн чыгып жатасыз? Өтпөсө эки көздү жылтыратып эле отурасызбы? Кадр баарын чечет деген илгертен айтылган учкул кеп бар. Сиздей кадрлар жооптуу кызматка келсе иш кандай өңүттө чечилет экен? Өз тажрыйбаңыз менен бөлүшүп, айтып бербейсизби? Деги бул кызматка келээрде деңгээлим жетеби, тартып кете аламбы деген санаркоо болдубу? Чоң кызматка отургандан кийин кызыктай сезимге туш болдуцузбу же айланаңыздын баары эле өзүңүзгө окшош экенин көрүп жүрөгүңүз ылдыйлап калдыбы? Сизди үлкөн кызматка түрткөн «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановго кандай ыраазычылык билдирдиңиз?..

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: