Menu

Марс Сариев, саясат талдоочу: “Азыркы саясий элита четке сүрүлүп, башка саясий фигуралар, лидерлер чыгат”

Бөлүшүү:

Саясий серепчи, кандай кырдаал болбосун өз оюн ачык айткан Марс Сариев менен коомчулукту дүрбөлөңгө салган айрым жагдайлар тууралуу ой бөлүштүк.

– Марс агай, “Райым миллиондун” атасын эскерүүгө арналган турнирге барган Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, спикер Дастан Жумабековду коштогон депутаттар коомчулуктун сынына кабылышты. Ал турнирге 30дай чиновниктин барышы Матраимовдордун күчтүүлүгүнөн кабар береби же бийликтегилердин аны менен эсептешүүгө аргасыз экенин далилдедиби?

– Мурун деле Темир Сариев баш болгон даражалуу кызматтагы чиновниктер жыл сайын эле Матраимовдун атасына арналган турнирге барышчу. Катышуучуларга Атамбаевдин атынан белектерди беришчү. Саясаттын нугу башка жакка бурулганы үчүн бу сапар Матраимовдордун атасын эскерүүгө арналган турнирге баргандар коомчулуктун сынына кабылды. Анткени “Райым миллиондун” мүлкү текшерилип жатканда Бороновдун, спикердин жана бир канча депутаттын барышы саясатка айланып, коомчулуктун көңүл борборуна айланды. Сыягы, Матраимовдун атасына арналган турнирге барган чиновниктер бир нерсени түшүнбөй, алар абалдын башка нукка бурулганын, өзгөргөнүн билбей калышты. Президент коррупция менен күрөштү күчөтөбүз деп жатканда бул турнирге барбай эле коюшса болмок. Булар чоң саясий катачылыкка жол беришти. Анткени коомчулук президенттин Матраимов менен күрөшү кандай болот деп турганда, өкмөт мүчөлөрү, спикер, депутаттардын баарынын аталган иш-чарага барышы маселе президентте эле эмес, өкмөттө, Жогорку Кеңеште турбайбы, элитанын көпчүлүгү Матраимовду колдойт турбайбы деген ойго кептелди. Эми Жанар Акаевдин да рейтинги төмөндөйт. Эми мындан чоң маселе жаралат. Граждандык коом депутаттардын, өкмөт мүчөлөрүнүн кадырын кетирет. Жыйынтыгында эл менен элитанын ортосунда жарака кетет. Бирок аны башкалар пайдаланып, элитаны жоготот. Бийликтин да рейтинги түшүп, абал курчуйт. Украина, Армения, Казакстандагы жагдайлардын эпкини, таасири Кыргызстанга да тиет.

– Матраимовго каршы иш кылса бийлик утабы же утулабы?

– Бул жерден бир нерсени баса белгилеп коюш керек. Атамбаевдин убагында Бакиевдер менен күрөшүп, КСДПнын электоратын Матраимовдор топтоп берген. Азыр Матраимовду куугунтукка алса, бийлик да түштүктөгү электоратын жоготот. Анткени Матраимовдор Бакиевдер менен күрөшкөн түштүктөгү күчтүү кландардан. Буларда финансылык мүмкүнчүлүгү да жогору. Ошон үчүн элитанын баары атасын эскерген турнирге барышты да.

– Жогору жактагылар “Райым миллиондун” айласын таба албай жатканы үчүн Финполиция азыркыга чейин анын мүлкүн эсептеп бүтө албай жатабы?

– Анткени азыркы бийликке да каражат, анан аларды колдогон эл керек. Ал-бул дегенибиз менен Райым миллионду түштүктө колдогондор көп. Ошондуктан ага карата жаман пикир жарата албай тилектештик кылып, катуу кетпей жатышкандай. Себеби бийликтегилер да шайлоо алдында түштүктү колго алган адамдан айрылгысы келбейт. Ошон үчүн орто жолдо турган, аны актай же каралай албаган кырдаал жаралды.

– Кыргызстандагы саясий жагдай кандай нукка бурулушу, кайсы багытка өзгөрүшү мүмкүн?

– Казакстанда, Украинада, Армениядагы башталган окуялардын эпкини Кыргызстанга да сөзсүз тиет. Украинадагы Зеленский саясатчы болбосо да, элдин президент кылып шайлап алганы да көптөргө дем, шык берет. Дүйнөдөгү классикалык саясатчылар саясий аренадан кете баштаган процесс Кыргызстанда да болушу ыктымал. Саясий элиталар акырындап саясаттан кетип, саясий процесстер Украинадагыдай өнүгүп, граждандык коом күчөйт. Жыйынтыгында, азыркы саясий элита сүрүлүп чыгып, башка саясий фигуралар, лидерлер чыгат.

– Өкмөт жакында нааразычылык акцияларга чыккандарга каршы өздөрү чыгарган токтомду колдонуп, резина ок, көздөн жаш агызчу заттарды колдонуп, чогулган элди күч менен таратышы мүмкүнбү?

– Эгер бийлик митинг, пикетти күч менен тараткан катаал жолду тандаса, Бакиевдин жолу менен эле кеткенге барабар иш кылат. Өкмөт андай катаал токтом чыгарганы менен андай ыкманы колдонсо, эл чыдабайт. Мындан да абал курчуп кетиши ыктымал. Ошондуктан бийлик кандай жагдай болсо да элге каршы чара көрүүдөн алыс болушу керек.

– Уран кенине тез арада чекит койбосо, бир жумадан кийин кеч болуп калабы?

– Азыр өкмөт текшериш керек деп убакытты созгон сайын бийликтин рейтинги түшүп, утулуп жатат. Бийликтин атаандаштарына уран кенин лозунг кылып, элди чогултушуна шарт түзүлдү. Өкмөт канчалык жандалбастабасын уран кенине каршы чыккандар токтобойт. Кырдаал татаалдашат. Башкача айтканда, азыркы бийликке каршы акциялар экологиядан баштап, саясий лозунгдарга бир-эки айда өтүп кетет. Атамбаев берген эки ай убакыт да соңуна чыгып, майдын экинчи жарымында нааразычылык акциялар күч алат.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: