Menu

Игорь Шестаков: « Парламентте Исаковдун Абылкасымов жөнүндө билдирүүсүнөн да маанилүү карала турган маселелер бар»

Бөлүшүү:

«Премьер-министр Сапар Исаков жана Өмүрбек Бабановдун ортосундагы абалга караганда Жогорку Кеңештин депутаттарынын  кароого көптөгөн маанилүү маселелери бар»,- деди саясат таануучу Игорь Шестаков өзүнүн билдирүүсүндө.

Ал кыргыз-казак  мамлекеттик чек арасындагы абал сыяктуу, бүгүнкү күндө бийлик алдында карала турган маанилүү маселелер бар экендигин билдирди.  Депутаттар маселени кароо үчүн шашылыш жыйналыш кылышкан эмес.

«Кошуна өлкө менен чек ара боюнча маселе Кыргызстан үчүн абдан маанилүү, анкени жарандарды өткөрүү бекетинде кезекте Казакстандын жарандары гана эмес, ошондой эле Кыргызстандын жарандары да бар. Буга карабастан бардык депутаттар бир ай жыйналышка чогулушкан эмес. Ошол эле учурда, дагы бир маанилүү маселе бар – жылуулук сезонуна карата даярдык көрүү. Биз кыш мезгилине кирдик деп эсептей берели, бул маселе дагы  маанилүү болуп эсептелет», — деди Шестаков.

Саясат таануучу бизнесмен Кайсар Абылкасымов боюнча Сапар Исаковдун  билдирүүсүн Парламент өзүнчө маселе кылып көтөргөнү орунсуз.

Анткени бул жерде мамлекеттик кызматкер жана саясатчы ортосундагы мамиле жөнүндө сөз болуп жатат. Андан тышкары  сөз өтүп кеткен шайлоо жөнүндө болгон. Мага түшүнүксүз болуп жатат, эмне үчүн бул маселени көтөрүш керек, шайлоонун барактары жабылып калганда», —  деп жыйынтыктады Игорь Шестаков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: