Menu

Адам болуп жашап келет

Бөлүшүү:

Аз мурун Ички иштер министрлиги өзунүн басма сөз кызматынын 35 жылдыгын белгилешти. ИИМдин басма сөз кызматы жөнүндө сөз болуп калса, менин эстерим, дароо эле полковник Жолдошбек Бусурманкулов болот. Анткени, бул киши ошол басма сөздү башкарып турганда мен жана мен өңдөнгөн толгон журналисттер а киши менен бир тууган болуп алганбыз, кадимки эле бир бүлөдө өскөндөй элек. Ошол маанайды алып келген Жолдошбек Бусурманкулов – Жокебиз болду.

Жокебиз ИИМдин басма сөз кызматын жетектеп турган жылдарда СССР калыбынан жазбай турган учур эле. Мыйзамдар каат, тартип күчтүү дегендей. Ошол учурда Жокебиз кайрылган ар бир журналистке маалымат бергенден тартынчу эмес, маалымат берүүнүн жолдорун мыкты билчү. Анан да ар бирибиз менен олуттуу сүйлөшүп, маани бере сүйлөшүп турчу. Бирибиздин дагы шакты сындырып көргөн эмес. Өзү болсо, биринчиден ак көңүл, айкөл адам, экинчиден, энциклопедиялык билими бар, үчүнчүдөн ыр менен кара сөзүн бирдей жазган чыгармачыл… иши кылып адамдын адамы да. Бизге маалымат гана бербестен, кээси менен ашканасынан тамак да алпергенин кантесиң! Жакшы адамга баары эле жабышып калат го, ошол кездеги кыргыз журналисттери, орустар толтура, Жокемдин тегерегинде үйрүлүп, турчубуз… Жеке мен ошол жылдардан тартып Жокемди бир туугандай көрдүм, ага досумдай көрдүм, а киши менден төрт жаш улуу. Мына ошол күндөн эң жакын ага-инидей мамилебиз бар, күндө, кээси менен беш алты жолу, телефон чалышып турабыз… Анын наамы «полковник», менин наамым «ефрейтор» болгонуна карабастан…

Жокемдин байбичеси Насбүбү Эгембердиева эже былтыр ноябрь айында кайтыш болду. Акыркы он жыл ооруканадан чыккан жок. Мыкты-мыкты догдурлар дарылады, бирок, асылган оорусу алып тынды. Мына мен күбөмүн, он жыл чамасында Жокем эжени тим эле баласындай-кызындай бакты, кареги менен тең айланды, бардык аракетин кылды… Өзү да ооруп жүрдү, бирок, сактап кала албады!

Насбүбү эже Улуттук университетте пенсияга чыкканча иштеди. Бир жерден көгөрүүнүн эң сонун мисалы болуп бере алат да: эже университетте окуп, анан ошол жерде өмүр бою, 46 жыл иштеди. Математикадан сабак берчү…

Ал мектептен эле ыр жазчу экен, ошонусу студент болгондо деле, кийин иштеп жүргөндө деле калган жок, кези менен калем кармап поэзия дүйнөсүнө кирип кетип кайра чыгат, ырларын эч жерге бербейт. Анан бир күнү, кийин эле, бирөө ырларыңызды чыгарбайсызбы деп көндүргөн го. Анан эмесе, далай жылдары «капаста» жаткан ырлар биринин артынан экинчиси жарыяланды, китептери чыга баштады, кыргыз поэзиясына дагы бир акын акырын келип эле кошулуп алды. Анан бир үйдө эки акын болуп жатып калышты. Жокем да бала кезинен ыр жазат. Анын «Долондон канатымды кайрып алдым» деген ырын азыр кыргызың да, казагың да, өзбегиң да, орусуң да, японуң да боздоп ырдап жүрөт!

Эженин оорусун алып келген тун баласынын өлүмү болду окшойт. Мен ошентип ойлой берем. Ошол тун баласы Нурдин Ысык-Көл раймилициясынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүн башкарып турган капитан наамында 28 жашында каза болгон. «Нива» айдаган мас немелер Тору-Айгырда машинасы менен кетип бараткан Нурдинди качырып барып сүзүп жатышпайбы! Ошондон соң эженин көңүлү такыр ачылган жок. Уулунун өлүмү арман болуп, эзели кеткис арман болуп жүрөгүнө орноду. Уулуна арнап толгон ырларды жазды… Ошол арман күн өткөн сайын күчөп олтурду, мезгил деген баарын унуттурат дегениң эч нерсеге жараган жок, мезгил өткөн сайын эженин арманы эселеп күчөп турду. Жоке болсо эркектик кылды, ичинен күйдү, эркектик менен кайгысын көтөрө билип күйдү! Эже болсо, күйүп жатып «өрттөнүп» кетпедиби!

Нурдин каза болгондо артында эки кызы – Айгерим менен Элнура калган. Эсимде, ошондо алты жаштагы Айгерим Жокем экөөбүз Нурдиндин эстелигине өстүргөн гүлгө суу куйганда биз менен барчу. Кенедей неменин атасынын эстелигине гүл тигип жүргөнү да эсимде… Эми ошол кенедей Айгерим бир балалуу, ИИМдин басма сөз кызматынын дасыккан кызматкери. Чоң атасы, айтылуу полковник Жолдошбек Бусурманкуловдун небереси, ага лейтенант Жолдошбекова Айгерим!

Жокемдин Нурдинден кийинки балдары да жаман болгон жок. Кызы Аида ички аскерлеринде кызмат өтөйт, күйөөсү Азамат бакыйган полковник. Аидадан кийин Байтик юридика илимдеринин кандидаты, доцент, келинчеги Перизат кандидаттагын жазып жүрөт. Экөө тең Улуттук университетте иштейт, эки баласы бар.

Азыр ИИМдин басма сөз кызматын полковник Бакыт Сейитов башкарат. Ал да Жокемдин окуучусу, өз ишин мыкты билген, токтоо, адамкерчилиги дааналанган жан. Андыктан бул басма сөз ишенимдүү колдо деп токтолбой эле айтып койсок,-туурасы ошол болот.

…Бир апта мурун Насбүбү эженин эстелигине барып куран окутуп келдик. Бала-чакасы, туугандары барды.

Кайран Жокем айкөл көөдөнүнө кеткис арманды да, ошондой эле кеткис бакытты да бирдей батырып, балпая муш өтөйт… баары бир тирүүлүгү жеңип турат! Анан да накта адамча өмүр сүрүп келет…

Баратбай Аракеев

Булак: «Багыт»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: