Бишкектин Дэн Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги ашканалардын биринде жарандык күйөөсү тарабынан барымтага алынып, бычактан жаракат алган аял комада жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков журналисттерге билдирди.
Анын айтымы боюнча, ал аялдын абалы өтө оор. Ал жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган.
“Ал денесинин 3 жеринен: моюнунан, акырегинен жана далысына бычактан жаракат алган” – дейт Алмаз Кубатбеков.
Белгилей кетсек, кечээ, 17-июнда Бишкектин Бишкектин Дэн Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 19:50дө 36 жаштагы мас эркек киши өзүнүн 28 жаштагы сүйгөнүн кызганып, ага кол көтөрүп, “өлтүрөм” деп бычак менен коркутуп, барымтага алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ