Menu

Ымыркай төрөлгөндө «сүйүнчү» жөлөкпулдарын берүү процесси автоматташтырылат

Бөлүшүү:

Сапар Исаков кечээ, 9-январда, ымыркай төрөлгөндө «сүйүнчү» жөлөкпулдарын эсептөө маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы өлкө жарандары үчүн бул процедураны максималдуу түрдө жеңилдетүү  жана «сүйүнчү» жөлөкпулдарын алуу үчүн арыз берүүдөгү бюрократиялык тоскоолдуктарды төмөндөтүү зарылдыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев маалымдагандай, Өкмөт башчынын буга чейинки тапшырмасына ылайык, «сүйүнчү» төлөмдөр тутумун оптимизациялоо максатында, ведомство тарабынан МКК жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана соцалдык өнүктүрүү министрлигинин ортосунда  «сүйүнчү» алуу тууралуу арыздардардын маалыматтары боюнча толук электрондук карым-катнаш иштелип жатат.

Дастан Догоевдин айтымында, аталган процедура жеңилдетилген түрдө жүрөт. Төрөлгөндүгу тууралуу актты каттоодо ымыркай, анын ата-энеси, жашаган жери, ошондой эле банк эсебинин номери тууралуу маалымат электрондук түрдө МКК тутумунан КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тутумуна жөнөтүлүп турат.

Өз кезегинде, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги төлөм дайындоо туууралуу чечим кабыл алынганда казналык тутумга өлкө жаранынын белгиленген банк эсебине акча каражатын которуу үчүн маалымат жөнөтөт.

МКК төрагасы калк үчүн максималдуу түрдө ыңгайлуу шарттар түзүлөт деп белгиледи. Анткени, алар Жарандык абал актыларын каттоо органдарына (ЗАГС) гана кайрылып, буга байланыштуу төрөлүү тууралуу актты каттоодо жана «сүйүнчү» алуу боюнча арызды берүүдө социалдык өнүктүрүү органдарына кошумча түрдө кайрылуу зарылдыгы жоюлат.

Мындан тышкары, өлкөнүн жарандарына «сүйүнчү» алууга арыздарды кароо баскычтары тууралуу бардык маалыматтар көрсөтүлгөн уюлдук номерге СМС-маалымат түрүндө жөнөтүлөт.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова маалымдагандай, учурда бардык райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында «сүйүнчү» жөлөкпулун алууга арыздар чогултулууда. Ошондой эле ал аталган жөлөкпулду алуу үчүн кайрылгандар аны үстүбүздөгү жылдын февраль айынын орто ченинде алышаарын кошумчалады.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө дейре өлкө жарандары жөлөкпулдардын түрлөрүн эсептөө үчүн райондук, же шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылып келишкен, буга байланыштуу «сүйүнчү» жөлөкпулун алуу механизмин жөнөкөйлөштүрүү чечими кабыл алынган.

Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, «Таза Коом» санариптик трансформациялоо программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан аталган тутум жарандарга тейлөөнү жөнөкөйлөштүрүлгөн форматта алууга мүмкүндүк берет.

«Биздин жарандар «сүйүнчү» жөлөкпулун алуу үчүн ар кыл инстанцияларга чуркап убара болбошу керек. Бүгүнкү күндө алар алгач туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып, андан соң башка документтер менен бирдикте социалдык колдоо көрсөтүү органдарына тапшырышы керек. Механизмди жөнөкөйлөштүрүү керек. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууда, МКК банктык эсепти сурайт, ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги сүйүнчүнү жарандын эсебине которушу керек, андан соң ал Өкмөттөн тийиштүү билдирүү алат», – деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы МКК, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Финансы министрлигине 2018-жылдын 15-февралына дейре «сүйүнчү» жөлөкпулун берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн механизмин иштеп чыгууну, ошондой эле жөлөкпулдарды дайындоо жана алуу тууралуу билдирүүлөр жана аны берүү процессин камсыздоо үчүн тийиштүү ЧУА иштеп чыгууну жана бекитүүнү тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: