“Кремлде Кыргызстандын башаламандык туңгуюкка жана уюшкан кылмыштуу топтун башкаруусуна өтүп кетишин токтотуунун бирден-бир шарттуу жолу бар, ал – каржылык жардамды токтотуу, Кремль аны колдонот”, – деп жазды саясий серепчи Аркадий Дубнов Facebook социалдык тармагындагы баракчасына.
“Бүгүн Бишкекте болуп өткөн окуялар, парламент тарабынан эртең менен премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалган жана бир жума мурун гана “революциячыл” эл тарабынан түрмөдөн бошотулган экс-депутат Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдун кечинде отставкага кетишин талап кылганы, жаңы премьер-министрдин артында алсыз бийликти шантаж кылган криминал турат деп айтууга толук негиз бар”, – деп жазды Дубнов.
Дубнов Жапаровдун уюшкан кылмыштуу топту “үчүнчү күч” деп атаганын “күлкүлүү” деп эсептейт. Саясат таануучунун айтымында, “криминал Кыргызстанды эбак эле башкарып алган”.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ