Депутат Зарылбек Рысалиев кечээ, 3-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйында укук коргоо органдарынын кемчиликтерин айтты.
Ал ИИМдин орун басары Алмаз Орозалиевге кайрылып: “Митинг тууралуу оперативдүү маалымат качан түштү эле?” – деп суроо узатты.
Алмаз Орозалиев качан келип түшкөнү эсинен чыгып кеткенин айтып, “эки жума мурун болуш керек” – деп жооп берди.
“Оперативдүү маалымат түшкөндөн кийин кандай чараларды көрдүңөр? Бул тууралуу иш планыңар бар беле” – деп сурады депутат.
Алмаз Орозалиев иш план болгонун айтып, ММКнын өкүлдөрү болгондуктан көп маалыматты ачык айта албай турганын, бул тууралуу маалыматты жазуу түрүндө берерин айтты.
“Митингдин катышуучулары уюштуруучуларга баш ийбей, модератордун сөзүн укпай, эл көзөмөлсүз болуп ушундай абалга келген” – деп билдирди ИИМдин орун басары.
Зарылбек Рысалиев УКМК жана ИИМ элди көчөлөргө чыгарбай, алардын көйгөйлөрүн иш-бөлмөлөрдө чечкенге аракет кылышы керектигин айтты.
“Эл көчөгө чыккандан кийин 100 киши чыкса, дагы 100-200 адам кошулат, мунун баарын билесиздер. Мунун баарын алдын алып койсоңуздар, мындай натыйжалар болбойт беле дейм. Коллегаларым сиздерге ырахматын айтып жатат, мен сиздердин ишиңерде кемчилик бар деп жатам. Бул ойду кийинчерээк эске алып, ыкчам иш-аракеттериңиздерди ишенимдүү аткарсаңыздар жакшы болмок” – деди депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ