Бүгүн, 19-ноябрда, Бишкекте эки машина кагышып, бирөө кафенин тосмосуна урунган. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Бишкек шаарындагы Токтогул Раззаков көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. 102 номерине саат 9:50дө жол кырсыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Аталган даректе Toyota Ist машинасы Toyota Prius менен кагышып, бирөө кафенин тосмосуна барып урунган. Ал жерге милициялар менен дарыгерлер барышкан. Эки машинанын айдоочу ооруканага жеткирилип, машиналары айып короого киргизилген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ