Кочкор райондук Салык кызматынын башкармалыгынын башчысы Насирдинов Кумарбек Белекович коррупциялык иштерге шектелип кармалды. Ага 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-берене менен кылмыш иши козголгон. Текшерүүнүн жыйынтыгында ал 196 миң сомду иштебеген айдоочусуна жаздырып алып келген. Ал эми анын айдоочусу катары жазылган адам Нарында жашап, ишкерлик менен алектенип келген. Мындан тышкары, ал кызматтык машинаны жараксыз абалда деп өзүнө кириштеп, чыгарып алган. Мындан улам мамлекетке 50 миң сом зыян келген. Кылмышты Экономикалык кызматтарга каршы күрөш кызматы иликтеп жатат.
Булак: Багыт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ