Саламаттыкты сактоо министрлиги Түркия менен Бишкек шаарында курулган оорукана боюнча кол коюлган келишимди таркатты. 2016-жылдын 1-апрелинде түзүлгөн келишимде Түркия тарап курулуштун бардык чыгымдарын мойнуна алаары айтылат. Андан тышкары оорукананы жаңы заманбап жабдуулар менен камсыздап, ишке кирээр алдында Бишкектин муниципалдык менчигине өткөрүп берээри белгиленет.
Саламаттык сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, оорукананы эки тарап чогуу колдонушат. Келишимде Түркиянын карамагынан өткөрүп алуу мөөнөтү жазылган эмес. Азыр эки өлкө чогуу башкаруу боюнча келишим даярдап жатышат. Анда үч жыл чогуу иштешип, кийин Түркия тарап көзөмөл жүргүзөөрү жазылган. Жаңы оорукананын кызматкерлеринин айлык акысына Туркия 19 миллион доллар берет.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ