Башкы прокуратура КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго козголгон кылмыш иши сотко өткөнүн билдирди. Тергөө иши жүргүзүлүп жатканда, эмне үчүн депутат Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин 303-статьясы (коррупция) боюнча кылмыш иши козголсо да камакка алынган эмес деген суроого бүгүнкү күнгө чейин жооп жок. Эми иши сотко өткөнгө жараша, татыктуу жазасын алууга тийиш. Эскерте кетсек, Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган.
Натыйжада 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген. Коррупция менен кылмыш иши козголгон Исаковго окшогон Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Пирматов, Акылбек Жапаров, Игорь Чудинов дегендер дагы бар. Аскар Шадиевдин дагы арты таза эмес. Буларга дагы козголгон кылмыш иши сотко ашып, жазаларын алыш керек..
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ