Menu

Равшан Жээнбеков: “Аcилбек Жээнбековдун депутаттык мандаты Сооронбай Жээнбековдун президенттик мандатынын тагдырын чечет”

Бөлүшүү:

Асилбек Жээнбековдун депутаттык мандаты Сооронбай Жээнбековдун президенттик мандатынын тагдырын чечет.

Менимче, мурдагы СДПКчы депутат, апрелчи, экс-президент Атамбаевдин рупору Мискенбаевдин, бүгүнкү президент Жээнбековко жасаган басымы аябагандай маанилүү жана символикалуу.

Бул билдирүү экс-президент Атамбаевдин бийликти жогото баштаганынын көрсөткүчү. Атамбаевдин сөзү, анын командысынын ичинде эки болбосун баарыбыз билебиз да…  Асилбек Жээнбеков мандатын мурдагы кулуардык сүйлөшүүлөргө карабастан тапшырбаганы, Атамбаев үчүн намысына, салмагына жана реалдуу бийлигине жасалган чоң сокку. Асылбек мурдагы спикер, азыркы депутат катары парламентте реалдуу лидерге айланып, агасына чоң колдоо көргөзүшү Атамбаевге дагы, анын тегерегине дагы жакпайт.

Атамбаев жана анын тегереги Сооронбай Жээнбековго ушул себептен чабуул башташты. Катаал жана компромат пайдалануу менен…

Кулуардык сүйлөшүүлөр, адатта, бизде, коомчулукка ачык айтылбайт. А эгер айтылса, анда ал компромат катары айтылат. Биринчи, жеңил компроматты Атамбаев жана анын тегереги бүгүн коомго ыргытышты. Биздин коом, президенттин жакындарынын бийликке аралашуусун жаман көрөөрүнө эсептелсе керек.

Эми реалдуу бийлик жөнүндө.
Эгер президент Жээнбеков Атамбаевдин басымына көнүп, иниси Асылбекти депутаттыктан кетирсе, анда реалдуу бийлик Атамбаевде калат. Кетирбесе бийлик Жээнбековко өтө баштайт.

Асилбек Жээнбековдун мандаты кимдин чыныгы президент экендигинин көрсөткүчү болот!

Байкап тургула.

Равшан Жээнбеков, саясатчы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: