Тажикстандын Монополияга каршы күрөшүү кызматы өлкөнүн Уюлдук байланыш операторлор бирлигинин кайрылуусуна жооп берип, интернет-трафикти мамлекеттик «Тажиктелеком» компаниясынан гана сатып алуу буйругу болбогонун билдирди.
Бир ай мурда Тажикстандын Tcell, «Билайн», Babilon жана Мегафон байланыш операторлору өлкөнүн Монополияга каршы күрөшүү кызматына кайрылып, бардык провайдерлерге интернет-трафик сатуу боюнча эксклюзивдүү укуктун мамлекеттик «Тажиктелеком» компаниясына берилгенине нааразылык билдирип, бул боюнча түшүндүрмө талап кылышкан.
Быйыл январдын башында Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы байланыш кызматы бардык провайдерлерге интернетти «Тажиктелекомдон» гана сатып алуу табыштамасын берген. Мекеме мындай чараны өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоо менен түшүндүргөн. Ага чейин тажик провайдерлери менен уюлдук компаниялары интернетти кайсыл жактан сатып алууну өзүлөрү чечип келишкен. Буга нааразы болгон байланыш операторлору бул тармакка мамлекеттик монополия киргизилгенин айтып чыгышкан.
3-апрелде Тажикстан уюлдук операторлор бирикмесинин төрагасы Гафур Иркаев Монополияга каршы күрөшүү кызматынын жообун өткөн жумада эле алганын билдирди. Анын айтымында, улуттук провайдерде интернет сатууга эксклюзивдүү укук жок болгондуктан, эми байланыш операторлору мурдагыдай эле трафикти чет өлкөлөрдөн сатып алса болот.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ