Menu

Бердымухамедов Борбор Азия өлкө башчыларынын кеңешин түзүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Борбор Азия өлкө башчыларынын кеңешин түзүүнү сунуштап, ал орган дайыма жолугушуп турууга мүмкүндүк түзүп бере турганын билдирди. Бул тууралуу түркмөн президенти Өзбекстанга жасаган сапары маалында айтты.

Мамлекет башчынын айтымында, Борбор Азия өлкө башчыларынын консультативдик кеңеши деп аталган орган макулдашылган күн тартиби менен аймактагы ар бир өлкөнүн борборунда кезектешип жыйын өткөрүп турса болот.

Түркмөнстандын расмий басылмалары кабарлашкандай, Бердымухамедовдун демилгесинде «болжолдуу уюштуруу иштерин карап чыкчу» беш тараптуу эксперттик топ түзүү, андан соң «президенттердин жолугушуусун уюштуруу жана күн тартибин бекитүү үчүн» аймактагы өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын атайын жыйынын өткөрүү каралган.

Түрмөн президентинин бул сунушу Борбор Азия өлкө башчыларынын Астанадагы жолугушуусунан бир ай өткөндөн кийин айтылды. Ал жолугушууга Бердымухамедов өзү барбастан, уулун жөнөткөн болчу.​

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен 15-мартта Астанада өткөн саммит Борбор Азия өлкө башчыларынын алгачкы консультативдик жолугушуусу деп аталган. Анда аймактагы мамлекет башчылар мындай жолугушууну жыл сайын Нооруз майрамынын алдында өткөрүп турууну макулдашып, кийинкисин 2019-жылдын мартында Ташкентте өткөрүү белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: