Өзбекстанда айдоо жерлеринин он пайызын ишсиз жаштарга бөлүп берүү жөнүндө президенттин чечими фермерлердин нааразылыгын жаратты.
Айрым фермерлер жаштарга бекер жер берүү аларды зыянга учурата турганын билдиришүүдө.
– Жер салыгы мурдагыдай эле биздин мойнубузда. Биз алакандай жерди да болушунча пайдалуу колдонууга аракет жасайбыз. Алар жер үчүн бир тыйын төлөбөй пайда табышат. Бул кимге жагат?, – деди самарканддык фермер.
Намангандык фермерлердин бири жергиликтүү бийлик күч түзүм кызматкерлеринин кысымы менен ишсиз жаштарга жер бөлүп берүүгө мажбурлашканын айтты.
– Жерибизден толугу менен кол жууп калуудан коркуп, өкмөттүн буйругун аткарууга туура келди, – деди фермер.
Бул арада райондук жана облустук администрациялар фермерлерди ишсиз жаштарга жер бөлүп берүүгө мажбурлап жатышканы жөнүндө маалыматтарды четке кагышты. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, эгин талаалары фермердик чарбалардын мүмкүнчүлүгүнө жараша берилүүдө.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 27-январда айыл чарба жерлерин бөлүп берүү менен жаштарды иш менен камсыздоону талап кылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ