Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттукташты. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Ош шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине материалдык жардам көрсөтүлгөн. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун айтымында, кийинки муундар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эрдигин эстеп, ардагерлерге урмат көрсөтүп, алар тууралуу өзүлөрүнүн балдарына айтып бериши керек.
“Ардагерлерге ден-соолук, бакубатчылык, башкалардын сүйүүсү жана урматтоосун каалаймын. Учурдагы жана келечек муундар урмат-сый жана сүйүү менен, биздин мекенибизди коргогон баатырлардын бардыгын терең кайгыруу менен эскеришет деп ишенем”,- деди ал.
Иш-чаранын алкагында ардагерлерге материалдык жардам, ошондой эле азык-түлүктөр берилген. Ош шаардык мэриясынын буйругуна ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 30000 сом жана тылда иштегендерге 15000 сомдон материалдык жардам көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык, ар бир ардагерге 75000 сом, ал эми тылдагы эмгекчилерге 15000 сом бөлүнгөн.
Учурда Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун 6 ардагери жана 15 тылда иштегендер бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ