Menu

Президент Атамбаев Брюсселге расмий сапар менен барат

Бөлүшүү:

16-февралда президент Алмазбек Атамбаев Брюсселге расмий сапар менен барып, Европа Биримдигинин курамындагы башкы уюмдардын жетекчилери менен жолугат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлү, элчи Чезаре Де Монтис билдирди.

Элчинин белгилешинче, бул кыргыз президентинин соңку 3,5 жыл аралыгында Бельгия борборуна үчүнчү сапары болот. “Буга чейинки 2013 жана 2015-жылдардагы сапарлардын жыйынтыгы эки тараптуу кызматташтык үчүн өтө маанилүү болгон” деди ЕБ өкүлү.

Бул сапар маалында кызматташтык боюнча жаңы макулдашуу талкууланат. Буга чейинки документ 20 жыл мурда кабыл алынган.

Жаңы макулдашуу, Чезаре Де Монтистин айтымында, акыркы жылдары Кыргызстан да, Евробиримдик да, жалпы дүйнө дуушар болгон өзгөрүүлөргө шайкеш келчүдөй мааниде түзүлөт.

“Алмазбек Атамбаев – ачык кызматташуунун мыкты үлгүсү. Президент – Евробиримдиктин досу, Евробиримдик президенттин досу” дейт элчи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: