Ооганстан бийлиги “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун мүчөсү деп айыпталган эки кичинекей баласы бар тажикстандык аялды мекенине кайтарды. Маалыматтарга караганда анын аты – Хосият, эки жыл мурун Ооганстанда экстремисттерге кошулуу аракети учурунда кармалган.
Тажикстандын Ооганстандагы элчиси Шарофиддин Имомов билдиргендей, Хосият жазасынын калган мөөнөтүн мекенинде өтөөгө макул болгон.
“Хосият кармалган күндөн тартып эле анын тагдырын көзөмөлгө алып келебиз. Акыркы жолу жолугушканыбызда ал Тажикстанга жөнөтүүнү кааларын билдирди. Албетте, биздин өлкөнүн мыйзамдары гумандуу, аялдарга жана өспүрүмдөргө карата жеңилдиктер каралган”, – деди дипломат.
Башында Хосият мекенине баргысы келген эмес. Былтыр Ооганстандын мамлекеттик каналынын эфиринде ал: “Ислам өлкөсүндө жашагым келет, ошондуктан Ооганстанга келдим. Мени болсо кармап, “Ислам мамлекети” террордук тобунүн мүчөсү деп айтыпташты. Бирок бул жалган”, деген.
Учурда ал жазасын мекенинде өтөөдө, балдары туугандарына өткөрүлүп берилди.
Ооганстандагы Тажикстан элчилигинин маалыматы боюнча акыркы тогуз айда ооган аймагынан камактагы төрт эркек, үч аял жана беш бала мекенине кайтарылган. Тажикстандын бул жарандары экстремисттик топторго кошулуу аракети үчүн айыпталышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ