Menu

Абылгазиев үчүн авария болгон жолтандабастарды Оштун МАИлери оңдошобу?

Бөлүшүү:

Жаңыдан эле премьер-министр болуп олтурган Мухаммедкалый Абылгазиев биринчи эле түштүк аймакты кыдыруу менен ишин баштап, аны коштоп жүргөн жолтандабастар жол кырсыгына кабылып, жөнөкөй адамдын түшүнө кирбеген акчага бааланган унаалар кимдин эсебинен төлөнөт деген маселе кызуу талкууга алынып жаткан учур. Өпкөсүн баспай, газды баскандар Өзгөндө Лексус 570 менен Ленд Крузер 200 маркасындагы жолтандабастарды өкүртүп айдайбыз деп атып, азыр өңдөрү өзгөрүлүп турган чагы. Бизге жеткен маалымат боюнча бул кымбат баалуу эки унаа тең мамлекеттин эсебиндеги унаалар эмес, Оштогу билермандар бирөөнүн менчик унаасын сурап алышкан экен. Эми жүз миң доллар турган унааларды оңдоо Оштун МАИ кызматкерлеринин жонуна түшүп жатыптыр. Экинчи борбор деген Ошто президент менен премьер-министр барганда алып жүрчү унаа жоктугу уят иш го?

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: