Мурдагы ажо Курманбек Бакиевдин тушунда Президенттик катчылыктын жетекчиси Оксана Малеванаянын орун басары Максим Каганер “Gezitter.org” деген сайтты иштетип баштаганына бир канча жыл болду. Кыргыз тилдүү ММКларга жарыяланган материалдарды орусчага оодарып оокат кылган Каганер акыркы 6 жылда АШАнын (Алмазбек Атамбаев) арыгын чаап, ага каршы чыккандарды соккон материалдарды гана жарыялап келди. Бул үчүн Атамбаевдин “кеңешчиси” Алмаз Үсөнов ай сайын 40 миң доллар менен капчыгын толтуруп турганы да айтылган
Эми болсо АША бийликтен кеткен соң дал ушул Каганер менен Үсөнов президент Сооронбай Жээнбековду каралоого өттү. Атамбаевдин маалыматчылары заказ кылып ар кайсы маалымат каражатына чыгарган ушактарды гана орусчага которуп, анын астына Сооронбай Жээнбековду келекелеген комментарийлерди, сүрөттөрдү гана жарыялап, президентти колдогон пикирлерди токтоосуз өчүрүп жатышат. Муну менен Атамбаев жана анын командасы сөз эркиндигине эле доо кетирбей, кыргыз журналистикасын беделин түшүрүүдө, баркын кетирүүдө.
Атамбаев акыркы 6 жылда өзүн сындаган журналисттерди коркутуп, сотко берип, миллиондогон доого жыгып, бир топ ММКларды жаптырууга жетишти, айрымдарын тартып алды. Эми болсо өзү ээлеп алган маалымат каражаттары аркылуу коррупцияга каршы чечкиндүү кадам таштаган президентке бут тосуп, шылдыңдап, керек болсо кордоого өттү. АША жана анын “ыпылас” командасы бул аракетин тез арада токтотпосо “экс-президент” статусту ажыратууну жалпы эл талап кылууну баштайт. Кеч боло электе эске келип, этекти жапкан жакшы го…
Булак: Учур
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ